Бразилиялык журналист кыздар аларга жасалган жаман мамиле тууралуу айтып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Белгилүү болгондой, Бразилиянын массалык маалымдоо каражаттарында иштеген журналист кыздар социалдык тармактарда кыздарга карата жасалган зордук-зомбулук тууралуу айтып чыгышкан. Анда алар жумуш учурунда алар кабылган же күбө болгон окуялар тууралуу айтып беришип, "Deixa Ela Trabalhar" аталыштагы акцияны башташкан.
Видео кайрылууга 52 журналист кыз катышкан. Ал кайрылууларда кыздар иштеп жаткан учурда күтүлбөгөн жерден кадрга кирип, аларды өөп, сөгүп же болбосо аялуу жерлерин кармап кеткен адамдар тууралуу айтышкан. Ошондой эле аларга жумуш ордунда дагы ар кандай кысымдар болорун билдиришкен.
"Биз жөн гана өз жумушубузду аткаргыбыз келет. Бизге жакшы мамиле гана керек", - деп билдирген алар.
Аталган видеокайрылуу Рио-де-Жанейродогу Маракана стадионундагы оюн учурунда көрсөтүлгөн. Кыздардын акциясын көптөгөн белгилүү спортчулар, футболдук клубдар жана жөнөкөй интернет колдонуучулар колдоого алышкан.