Бүгүн, 28-мартта парламентте жашоого маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесин бекитүү боюнча мыйзам 2-3-окууда кабыл алынды.
Жалпы 113 депутат катталып, бардыгы "макул" деп добуш беришти.
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова баяндама жасады.
"Мыйзам долбоору жашоого маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесин бекитүү боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктарын аныктоого багытталган. Ошондой эле долбоор менен жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга карата бааларды коюу методикасын бекитүү боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктарын аныктоо каралат", - деди депутат.