Бүгүн, 28-мартта астролог Андрей Рязанцев маалымат жыйынын уюштуруп, журналисттерге өлкөдө быйыл кандай саясий окуялар күтүлө турганын айтты.
"2018-жылдын апрель айында Юпитер жана Плутон планеталарынын энергиясы кайрадан түзүүгө багытталган иштерге жакшы таасирин тийгизет. Ал эми Меркурий менен Сатурн жана Күн менен Плутон кыжырлануу, уруш-чатактын себепкери болушат. Мындан улам чечилбеген көйгөйлөр, жаңжалдар кайрадан күчүнө кирет.
15-апрелден баштап кетирген катачылыктарды, ишке ашпай калган пландарды кайрадан ойлонуп чыгууга ыңгайлуу учур. Ошондой эле башталган иштер жемиштүү болуп, мамлекеттик ар кайсы тармактарга, бизнес баштоого сүйлөшүүлөр жакшы жүрөт. Бул жылдын жыйынтыгында максатка ар кандай жолдор менен жетүү жакшы жыйынтыктарды алып келбейт. Андыктан шашпай ойлонулган мамиле талап кылынат", - дейт Рязанцев.
Мындан тышкары, астролог май айы чыгармачылыкка эргүү алып келчү ай экенин, бул айда билимди тереңдетүү жаңы тааныштарды табууга ылайыктуу боло турганын билдирди.
"Апрель айында Кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик башкаруу түзүмү жакшыруу менен жакынкы жылдардагы өлкөнүн стратегиясын иштеп чыгуу маселеси аяктайт. Ошондой эле бийликти бекемдөөгө жана коюлган пландарды аткарууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Апрель айынын экинчи жарымында кабыл алынган чечимдер өлкөнүн жаңылануусунун башталышы болот.
Ал эми май менен июнь айларында коңшу мамлекеттер менен түзүлгөн алакада көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Аны менен бирге аба ырайынын бузулушу айыл-кыштактарда жер көчкүлөрдүн болушу экономикага таасирин тийгизет. Бул көйгөйлөрдөн улам парламенттин өзгөртүлүшүнө сунуш киргизилет. Май айында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кабыл ала турган чечимдер кыйынчылыктарды жеңип чыгууга шарт түзөт.
Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн 2018-жылдын апрель айы маанилүү болот, ал саясий карьерасын кайрадан баштайт. Кийинки кадамын 2019-жылдын жаз айларында таштап, күз мезгилинде карьералык жаңы бийиктикке көтөрүлөт", - деген пикирде астролог.