Лондондогу көп кабаттуу имараттын чатырында 84 адамдын эстелиги пайда болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каржаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Британиядагы эң алдыңкы ITV теле компаниясынын көп кабаттуу имаратынын чатырында 84 адамдын айкели пайда болгон. Шаар тургундары алгач бул айкелдерди өзүнүн жанын кыйууга даярданып жаткан тирүү адамдар экен деп ойлошкон.
Бирок компания эмне себептен имараттын чатырында бул айкелдер орнотулганын түшүндүрүп берген. Айкелдер "Долбоор- 84" деп аталган долбоордун алкагында орнотулган.Аларды орнотуу сунушун америкалык Марк Жеркинс аттуу сүрөтчү жана "CALM" кайрымдуулук фонду киргизген.
"Айкелдердин саны 84 болуп калышы дагы жөн жерден эмес. Анткени Лондондо бир жума ичинде орто эсеп менен 45 жашка чейинки 84 адам өз жанын кыят. Иш-чаранын негизги максаты өзүнүн жанын кыйган адамдардын санын азайтып, бул көйгөгө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат", - дейт Жеркинс.
Айкелдер чыныгы жашоодо өзүнүн жанын кыйган адамдарга түспөлдөштүрүп жасалган, айкелдерге адамдар 1-апрелге чейин күбө боло алышат.