Көзгө сайса көрүнгүс караңгыда жарыгы жок сүрөткө тарткан Huawei P20 Pro телефону жарык көрдү

Көзгө сайса көрүнгүс караңгыда жарыгы жок сүрөткө тарткан Huawei P20 Pro телефону көргөзүлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, жаңы Huawei P20 Pro смартфону iPhone X жана Samsung Galaxy S9 телефондоруна караганда алда канча сапаттуу тартат.

"Huawei`дин "Samsung" жана "Apple" сыяктуу дүйнөгө таанымал аты жок. Бирок биз бул нерсени мыкты телефон чыгарып толуктап жатабыз", - деп билдирген компаниянын аналитиги Бен Стентон.

Жаңы смартфондун үстүнкү бөлүгүндө атайын чуңкурча бар, анда 24 мегапикселдүү өзгөчө айнектери менен камера орнотулган. Ал айнектер кеңейтилген сүрөт тартууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле камера караңгыда объектилерди таанып-билүү функциясына ээ. Мындан улам атайын жарыктын жардамы жок элек караңгыда сүрөт тартууга мүмкүн болот.

Смартфондун баасы 1 миң 115 доллар турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Myrzashka95
2018-03-28 18:45:43
Айфон х ты туурашкан го
-5
Kalmurzaev8900
2018-03-28 18:52:49
Охо мен Эми айфон алтыны ыргытып жиберет окшойм
-15
Isco23
2018-03-28 18:57:49
Kalmurzaev8900,ыргыт да алвп ал ушудан
0
Tyty1990
2018-03-28 19:07:32
Kalmurzaev8900, мен жака ыргыт
+9
Azatbek83
2018-03-28 19:22:02
Kalmurzaev8900,болсо ыргытасыңбы?! Болгондо да андай айфонундан көптү ыргытыш керек экөөбүнун акчасы асман менен жердей!
-3
Kg-samsung
2018-03-28 19:36:39
Kalmurzaev8900,ыргытып жибер дагы акча жасайтурган станогуну токго сайып иштетип акча чыгар анан аласын. Сен озу айфонду бекер эле которуп атасын
0
bond02
2018-03-29 00:31:03
Kalmurzaev8900,жок айфонунду ыргытып жибере бер.
0
PROS
2018-03-29 19:43:34
Kalmurzaev8900, айфонуңу абайлап ыргыт, дааратканага түшүп калып аны алам деп газга ууланып калба)))
0
abon
2018-03-28 19:17:21
аны акчасына 5-6 норм телефон берет экен эсептеса
+1
keba300989
2018-03-29 08:59:34
abon, иштей турганбы
-2
aksy94
2018-03-28 19:25:54
Аты эле болбосо баары бирдей почти 42мин рублга тел алып колдонуп кордум азыр 11мин сомдук эле тел колдоном акчан эле кетпесе калгандары ошондой эле экен бизде 1000$га кичине акча кошсон машина берет
+1
Atas
2018-03-28 21:18:04
Кытайларга бир нерсе коргозсон эле туурап кирет биздики биздики деп биздин боз уйду деле чыгарып атпайбы
0
jbolotov
2018-03-28 22:46:30
Эмне дейбиз, азамат экен Кытайлар, баардык жагынан онугуудо. Тхнология кучтуу, коп нерселерди арзан кылып чыгарып атышат. Самсунг S8-9 iphone x тинда озундой репликасын Еытай чыгарып атат.
-1
lady.girl7997
2018-03-29 02:02:47
jbolotov, Айфон Хти кармап корбогон окшойсун
-1
Дарыгер
2018-03-29 02:49:01
lady.girl7997,кармап корсон эмне болуп кетет экен. Тимеле айфондуу адамдар кыйын болот окшойт ээ
+1
eddi.
2018-03-29 10:16:30
Айфон көтөргөндөр,ажатканага таштагыла
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан