"Он сегиз жаш" ырынын автору, акын Кемел Бакашев дүйнө салды

Акын, журналист Кемел Бакашев бүгүн, 28-мартта 82 жашында көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кемел Бакашевдин "Он сегиз жаш" аттуу ыры Зейнеп Шакееванын аткаруусунда эл алдына ырдалып, музыка сүйүүчүлөрдүн көңүлүнөн орун алган. Андан кийин да аталган ырды көптөгөн жаш ырчылар аткарып келе жатат.

Ал "Ата журт жана махабат", "Күү залкары Ыбырай Туман уулу", "Өмүр изи" аттуу китептердин автору. Ырлары орус жана якут тилдерине которулган.

Кыргыздын Жазуучулар жана Журналисттер бирикмелеринин мүчөсү, эл агартуунун мыктысы Кемел Бакашев 1936-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айылында төрөлгөн. Каракол шаарындагы Педагогикалык институтту аяктап, көп жыл Ыбырай Туманов атындагы мектепте эмгектенген.

Маркумдун сөөгү туулуп өскөн айылына коюлат.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кемел Бакашевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tyrgon
2018-03-28 20:53:40
жаткан жери жайлуу болсун.
+6
Sezimim...
2018-03-29 00:20:17
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!
+2
surgeon777
2018-03-29 05:39:00
Жаткан жериниз жайлуу,топурагыныз торко болсун!
Жайыныз жаннаттан болсун!..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан