"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Сулайман-Тоонун жанындагы жерди менчиктештирүүдө мыйзам бузуу болгон эмес" дейт мэрия

Оштогу Сулайман-Тоонун жанындагы жерди менчиктештирүүдө мыйзам бузуу болгон эмес. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын шаар куруу муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов билдирди.

"Сулайман-Тоонун түштүк тарабындагы жер тилкеси тиешелүү мекемелердин корутундусу менен маалымдоо каражаттарына жарнама берилип, аукционго коюп анан менчиктештирилген. Аукциондун эрежесине ылайык ким көп акча сунуштаса ошол утат. Аукцион комиссиянын чечими менен жыйынтыкталган. Жеңишке жеткен жергиликтүү жаран акчасын төлөгөндөн кийин менчиктештирүү тууралуу келишим түзүлгөн. Мекеменин корутундуларында ал жер тектоникалык кыртыш деп көрсөтүлгөн, бирок сатууга болбойт деген билдирүү жок. Ошондуктан мыйзам бузуулар болду дегенге болбойт. Бүгүнкү күндө ал жерде курулуш иштери жүргөн жок. 200 чарчы метрине жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн", - дейт бөлүм башчы.

Эске салсак, "Сулайман-Тоонун жанындагы жер титирөөгө туруксуз, тектоникалык жерди менчиктештирип жиберишти" деген маалымат "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу окурмандан келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ermekbai
2018-03-29 18:36:52
Мээриянын иши 0 даже ------
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан