Сот Кемероводогу "Зимняя Вишня" соода борборунун башкы директору Надежда Судденокту 2 айга камакка алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, башкы директордон тышкары дагы 4 адам камакка алынган. Аларга соода борбордо коопсуздук каралган эмес, кырсыктын алдын алуу боюнча талаптары аткарылбаган, өрт чыкканда күзөт кызматкерлери элди эшикке чыгарууну уюштура алышкан эмес деген күнөөлөр коюлууда.
"Башкы директор бул кырсыкта күнөөсү жок экенин айтып, чечимге каршы арыз жазарын билдирди. Анын жактоочусу аялды үй камагына чыгарууну суранган. Бирок ал жүзөгө ашкан жок", - деп жазышат басылмалар.
Тилсиз жоонун курмандыгы болгон 64 адамдын сөөгү бүгүн жерге бериле баштады. Акыркы маалыматтар боюнча, 10 адамдын сөөгү жерге коюлду. Өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучков 37 сөөктү дагы кошумча экспертизадан өткөрүү зарылдыгын билдирди.
Кемерово облусунун губернатору Аман Тулеев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион рублдан компенсация төлөнөрүн айтты.
Эске салсак, 25-март күнү Орусиянын Кемерово шаарындагы "Зимняя Вишня" соода борборунда өрт чыккан. 4 кабаттуу соода борбордун жогорку кабаты өрттүн эпицентри болгону айтылууда. Ошондой эле жогорку кабатында кинотеатр жана аттракциондору менен балдар ойноочу аянттар болгон. Расмий маалымат боюнча өрттөн 64 адам каза тапса, анын 41и жаш балдар.