Министр Батыралиев Ирандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси менен жолугушуп, эки тараптын кызматташуусу тууралуу сүйлөшүү жүргүздү

Кечээ, 28-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинде министр Талантбек Батыралиев Иран Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Али Можтаба Рузбехани менен жолугушту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова кабарлады.

Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптын саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуусу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп, Иран өлкөсүнөн Кыргыз жерине дары-дармектерди алып келүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкуу жүргөн.

"Биздин дары-дармек менен камсыздоо боюнча кызматташуубуз ийгиликтүү болот деп ишенем. Ал гана эмес, Ирандан чыккан дарыларды Кыргыз өлкөсүнөн чыгарууга да болушунча көмөк көрсөтүүгө даярбыз", - деген элчи.

Ал эми Батыралиев Иран Кыргыз өлкөсүн 90 пайыз сапаттуу дары-дармек менен камсыздап жатканын айтып, мындан ары да аталган өлкөдөн керектүү препараттарды ыңгайлуу баада алууга даярдыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан