Америкалык тургундун курсагынан 14 килограммдык шишик алынды

АКШнын Нью-Жерси штатынын тургунунун курсагындагы 14 килограммдык шишик операция жолу менен алынды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

63 жаштагы Кэвин Дэли курсак бөлүгүндөгү шишикти сыра ичкенден улам пайда болгон деп жүргөн. 2015-жылы ал жүрөгүнө операция жасатып, 15 килограммга арыктаган. Бирок курсагынын көлөмү өзгөргөн эмес. Мындан улам ал өткөн жылы дарыгерлерге кайрылып, томографиядан өткөн. Анда Кэвин Дэли сейрек кездешүүчү май шишиги (липосаркома) менен жабыркаганы маалым болгон. Дарыгерлер бул шишик 10 жылдан бери өрчүп келгенин аныкташкан.

6 саатка созулган операция ийгиликтүү аяктаган. Учурда Кэвин Дэлинин абалы туруктуу экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Paprikafm
2018-03-29 09:51:48
Ужас
0
Rifle_I
2018-03-30 10:11:38
Мен Бишкекте иштеп жүргөндө 2014-жылы , 9-класс баланын боорунан 9л эхинококк суюктугу алынган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан