Коомдо кызуу талкуу жараткан Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги азырынча алынбайт

Коомдо көптөгөн талкууну жараткан Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги азырынча алынбайт. Бул тууралуу Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов билдирди.

Кыргыз киносунун тарыхында “Эң мыкты актёр” наамын 4 жолу алган белгилүү сүрөтчү, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун айкелинин ачылышы 2017-жылдын 9-ноябрында болуп өткөн. Айкел борбор калаадагы "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанына орнотулган. Эстелик орнотулган соң ал актёрго такыр эле окшошпой калгандыгы тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары жазып чыгышып, кызуу талкууга алынган.

"Чокморовдун эстелиги ачылгандан кийин аны тааныгандар, туугандары, достору, талантын урматтаган адамдар келип айкел окшошпой калганын айтып башташкан. Алар эстелик башка кишиге жасалгандай эле такыр окшоштук болбой жатканын айтып кайрылышкан. Азыркы тапта эстеликти алуу боюнча Бишкек шаардык мэриясы менен сүйлөшүүлөр болуп жатат", - деп билдирди Абдрахманов.

Айкелдин салмагы 600 килограмм, ага атайын каражаттар менен эски эстеликтей түс берилген. Мындай эстеликтер Кыргыз өлкөсүндө аз гана санда. Айкелчи Алмаз Кожокуловго таандык бул айкел бир жылдын ичинде орусиялык "Дубровин" ишканасы тарабынан даярдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Isco23
2018-03-29 08:18:09
Чокморов эмес кишиииии го башка
-7
egiz-jigit
2018-03-29 08:42:19
Шляпа кийгизбей калпак кийгизсе болбойбу же такыр кийгизбей эле койгула
-9
Nanei
2018-03-29 09:38:06
egiz-jigit,ал кезде шляпа кийишчи да,бирок Чокморов такыр жарашпай калыптыр,акчаны шамалга чачкандай эле болуптур
0
bond02
2018-03-29 10:11:58
адашып заводдон башка кишинин айкелин алып келип алышкан го дейм.
+2
ulanik
2018-03-29 10:12:19
Чынында эле окшошпоптур "Кыргыздын жузу Суймонкулдун жузундой" деген соз бар эмеспи. Жазап жаткан киши же буйрутма бергендер деле карашса болмок экен. Кийинкисин жазашса калпак эле кийгизип коюшса экен.
+1
Baku88
2018-03-29 12:08:07
Чокморовду кайдан кордунор эле калпак кийип түшкөн сүрөтүн? Албетте башка өлкөдө жасатсанар ал окшоштура албады да шляпасы кийген кийими окшош жүзү таптакыр башка адамдыкы менимче түп орду мн албай жүзүн эле оңдоп койсо болчудай
+4
Baiana
2018-03-29 13:35:29
Суймонкул Чокморовдун эстелигин кое туруп Лениндин эстелигин алып таштагыла СССРболуп буттуго азыр демократия заманы ...Лениндин заманы отуп кетти,,,)))))
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан