Бүгүн, 29-мартта Бишкектин айрым көчөлөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу саат 8:30дан 18:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектро" ААКсы ишканасынан билдиришти.
- Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бородина, Нарвской көчөлөрүндө жана Жал кичи районунда;
- Саат 9:00дөн 18:00гө чейин Энесай жана Ак-Тилек жаңы конуштарында, ошондой эле Ак-Муз, Ростовский, Кудрук, Араванский, 2-Черепки, Кулиев, Попов, Тыныстанов көчөлөрүндө өчүрүлөт;
- Саат 9:00дөн 20:00гө чейин Арча-Бешик конушунда, Садырбаев, Абдрахманов, Жайыл баатыр жана Жунусалиев көчөлөрүндө;
- Саат 9:30дан 18:00гө чейин Космический жана Репин көчөлөрүндө;
- Саат 10:00дөн 15:00гө чейин Герцен, Сүйүнбаев жана Ибраимов көчөлөрүндө;
- Саат 10:00дөн 17:00гө чейин Ак-Тилек-2 конушундагы Кийизбаев көчөсүндө;
- Саат 13:00дөн 17:00гө чейин Орто-Сай айылындагы Карбоз уулу, Асаналиев көчөлөрүндө электр жарыгын берүү токтотулат.