Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШга жооп иретинде Санкт-Петербургдагы алардын консулдугун жабууну сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, акыркы чечимди президент Владимир Путин кабыл алат. Орусия элчилиги интернет желесинде жарандар арасында АКШнын кайсы консулдугун жабуу керектиги жөнүндө сурамжылоо өткөргөн, ага 57 миңден ашык адам катышкан. Катышкандардын 47 пайызы Санкт-Петербургдагы консулдукту жабуу керектигин айтышкан. Ошол эле мезгилде АКШ элчилигинин өкүлү Орусиянын бардык чечимдерине карата жооп кыла тургандыгын билдиришкен.
Эске салсак, АКШ тарабынан Орусиянын элчилигинде иштеген 48 кызматкерге, ал эми Нью-Йоркто жайгашкан Бириккен улуттар уюмундагы Орус өкүлчүлүгүндө иштеген 12 өкүлгө өлкөдөн бир жуманын ичинде чыгып кетүү талабы коюлган.