Ажылык сапарга баргандардын кайда жүргөнүн аныктоочу уюлдук тиркеме иштелип чыгат

Сауд Арабияга ажылык сапарга баруучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн атайын уюлдук тиркеме иштелип чыгат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалым болгондой, 2018-жылы ажылыкка баруучуларды автоматтык идентификациялоону жана алардын географиялык жайгашуу ордун аныктоону колдонуу үчүн уюлдук тиркемени иштеп чыгуу боюнча сынак жарыяланып, жыйынтыгында "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасы жеңүүчү деп табылган.

"Аталган ишкана тиркемени RFID жана Google карттын жардамы менен иштеп чыгат. Бул программанын жардамы менен ар бир ажынын кайда жүргөнү боюнча маалыматтар башкы базага келип, анын негизинде штаб тарабынан көзөмөлдөнүп турмакчы. Ошондой эле ажылардын зыярат учурунда адашып кетүүсүн алдын алып, ар бир уюлдук телефонго адашып кеткендиги боюнча маалымат жиберилип турат", - деп билдиришти муфтияттан.

Айта кетсек, быйыл Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына ажылыкка баруу үчүн 5400 орун бөлүнгөн.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Tyty1990
2018-03-29 10:43:06
Аллах ыраазы болсун
0
Mirlan27011987
2018-03-29 11:18:41
Ошол жака кеткен кайран акча. Бироонун акчасы короп жатат, бироонун бизнеси онугуп жатат.
+3
Baku88
2018-03-29 12:03:30
Өзү мусулмандар бир кудайга ишениш керек Аллахтан башка зат жок деп айтып келишет оа туура мен бир Аллахга ишенем башка эч нерсеге бирок ажыга барып ташка сыйынып келгендерине түшүнбөйм тоо ташка сыйынганга болбойт деп алып барып ажыга барып ташка сыйынып келишет ушул нерсе эч түшүнүксүз
+5
Mirlan27011987
2018-03-29 14:01:34
Baku88,
Анан дагы кыргыздар ташка сыйынасынар деп тенирчилер деп кыйкыра беришет. Арабтар оздору менен иши жок.
0
erlan2196
2018-03-29 14:14:33
Mirlan27011987,
Азыр биздикилер арабтардын руханий китептерин окуп алышып эле, арабтардын таасири астында калып жатышат. Кыргыздар озубуздун да руханий китебибиз болуш керек. Биздин руханий байлыгыбызды озубуздун ата - бабаларыбыздын осуяты менен толтурушубуз керек. Ошондо биз арабташпай, озубектешпей жашайбыз.
0
i1urp
2018-03-29 16:42:44
erlan2196,
Бейишти укмак бар кормок жок
0
Bilal2013
2018-03-29 14:42:36
Биз мусулмандар Аллахка сыйынабыз. Ажылык Аллахтын окуму. 5 парздын бири. Ниетибиз ташка эмес Аллахка сыйынуу. Ал жакка барып алып таштан эч нерсе суранбайбыз. Аллах Ыйык Куранда эмнеге окум кылса ошонун гана чегинде жашаганы аракет кылабыз ИншаАллах. Исламда кемчилик жок. Исламдын окумдорун аткара албаган же аткарууда аша чапкан адамдарда кемчилик болушу мумкун. Ага Ислам куноолуу эмес. Ислам анык жана толук дин. Исламдан кемчилик издегендер ХХХХХХХ ХХХХХХХХ
0
Mirlan27011987
2018-03-29 15:03:08
Кыргыздар озубуздун ата бабаларыбыздын осуяты менен гана жашайлы. Арабтардын осуятын окуп алып арабтарды ыйык тутпай. Кыргыздын макал лакаптарында биздин бабаларыбыздын осуяттары жазылган. Ал эми библия куран тора ж.б китептер булар рухиний гана китептер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан