Казакстанда "түнкү соттор" пайда болушу мүмкүн

Казакстан Сингапур Республикасынын "түнкү соттор" тажрыйбасын колдонушу мүмкүн. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, түнкү убакытта казак соттору административдик гана иштерди карашы мүмкүн.

"Учурда аталган долбоор кызуу талкууланып жатат. Долбоордун негизине Сингапур Республикасынын сотторунун иш тажрыйбасы алынууда. Эки тараптын макулдугу менен сот ишти күндүн соңунда караса болот. Тактап айтканда, саат 19:00дөн 22:00гө чейинки убакыт аралыгында административдик иштер, жол кырсыгы, жол эрежелерин бузуу фактылары, үй-бүлөлүк маселелер жана миграция жаатындагы иштер каралуусу болжолдонууда", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, Сингапур Республикасында 1992-жылы "түнкү соттор" системасы ишке кирген. Мындай ыкма аталган өлкөдө жол эрежелерин бузуу фактылары көбөйгөндөн улам иштей баштаган. Сингапурдун "түнкү соттору" дүйшөмбүдөн бейшемби күнгө чейин кечки саат 18:00дөн баштап административдик иштерди карашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lilireinhart18
2018-03-29 09:42:12
Казактардыкы ишке ашса, Эми биздикилер да кылат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан