III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына сатылчу билеттерге 2 миллион сомдон ашык акча коротулат

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына сатылчу билеттерге 2 миллион сомдон ашык акча коротулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы кабарлайт.

Мамлекеттик Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин колдоосу менен "Этномаданиятты жана ат оюндарын өнүктүрүү борбору" III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына сатылчу билеттерди жасоого жана сатууга тендер жарыялады. Жалпы 23 миң билет жасатууга 2 миллон 93 миң сом бөлүнгөн. Тендердин жеңүүчүсү оюндардын ачылышына жана жабылышына 11 миң 500дөн билет даярдоосу керек.

Каржы минстрлигинин билдиргенине ылайык, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 306 миллион 300 миң сом жумшоо пландалууда.

Анын ичинен иш-чараны даярдоо үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 175 миллион, ал эми Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 132 миллион 200 миң сом каражат берилет. Анда белгилүү болгондой, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун секретариатын каржылоого 3 миллион 600 миң сом каражат каралган.

Эске салсак, 2016-жылы II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө кеткен чыгымдар 3 миллиард сомдон ашкан. Анда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарына жаңы ат майданы курулуп, Балыкчы-Корумду унаа жолдору оңдоп-түзөө иштеринен өткөн.

Ал эми 2014-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу өткөрүлүп, ага мамлекеттик бюджеттен 102 миллион 130 миң сом каражат жумшалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Muratmipa
2018-03-29 09:55:34
Ушуну жон эле койбодунар башка проблема жоктой
+4
Myrzaw98
2018-03-29 09:59:15
2 миллион 93 мин сомго билетпи ай чондор ушунчалык башкача билет чыгат бекен менин оюмча 500мин сомго жасалат калганы чонтоко кетет
+9
nurbekasr
2018-03-29 10:06:06
Ушул керексиз оюндун кимге кереги бар эле?өтөт кетет бир ууч чиновник шылтоо менен акча жейт,бок курсагын тойгозот.Ушундан көрө Кытай карызды сурап эскертүү бериптир ошону төлөштүн жолун издебейсиңерби.Жана да толгон токой чечилбеген көйгөйлөр бар го.Анын ордуна завод фабрика кургула жумуш орундарын түзгүлө акмактар десе.Той тойлоп бий бийлебей.Ага чейинки жазгы талаа жумуштарын бар,кандай кылуу керек эмнени канча эгүү керек ошол жөнүндө ойлондуңарбы?Акылыңарга качан келесиңер деги?...
+5
ludimira
2018-03-29 17:13:07
nurbekasr,узуун максаттагы стратегиялык максаттагы пландар.тарыхты котормолойт муунунга откозот,руханий айлык.
Желе турган акча любой жол мн желет...колдойм
0
manaas
2018-03-29 10:07:13
Кочмондор оюндарын откорбой эле койгулачы, эч кайсы мамлекет албай коюп уят болдунарго.
+7
nurbekasr
2018-03-29 10:07:31


Кытай элчиси карыздарды төлөгүлө деп эскертти го.
Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа биздин мамлекеттин Кытайга болгон карызын эскертип, ал маселе боюнча билдирүү кылды. Элчи: "Кытай жеңилдетилген насыяларды берген. Биз билебиз, ал насыядан Кыргызстан пайда көрдү. Алынган насыяны кечүү макулдашуу менен гана болушу мүмкүн. Бирок Кытай тарап бул маселени карабайт" - деп так кесе айтты.
+5
Muratmipa
2018-03-29 10:07:49
11500 билеи жасаса ар бирин 2 сомдон жасатса ошол эле жетмек бар э 20 сомдон жасаган чакта деле 230000 кетет экен калганы арам жака карап кетет экен да э
+4
defne15
2018-03-29 10:28:49
Болбогон нерселерге жумшалат туура.
+3
Asylbek2802
2018-03-29 10:48:07
Анан канча түшөт экен бюджетке
0
Baku88
2018-03-29 10:50:21
Өтсүн мен колдойм. Супер билетин кайдан сатып алса болот айтып койгулачы суранам
-8
PROS
2018-03-29 19:00:38
Акча жештин бир түрү да бул айтканыңар! 2 млн акча коротуп билет жасатсаңар, анан ал билеттерди 2 млн сомго сата аласыңарбы? Же тиги гезитке акча кармагандай кылып билетке акча кармайсыңарбы?
-2
Rasul94
2018-03-29 20:00:27
ошончо акчага футбольный стадионду теке кылып коюшпайбы
-2
Rifle_I
2018-03-30 01:27:40
Ар бир билет 80-90 сомдон жасалат экен.


Карызыбыз баштан ашып турганга ушундай оюн өткөрүш керекпи ?
Былтыр кирешебиз чыгашабыздан көп болот деген эле. Акырына келгенде акчабыздын дайынын табылбай калган.
Чын эле мал окшойбуз. Бүгүн жашасак болду. Эртең балдарыбыз кор болуп, неберелерибиз кул болсун деп коет окшойбуз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан