"Ош базарында" эки жолу өрт болду, бүгүнкү күнгө чейин ким өрттөгөнү белгисиз", - деп бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев билдирди.
Эл өкүлү бул боюнча тез арада жыйынтык чыгаруу керектигин белгиледи. "Бирөөгө ошол жер керек болуп жатабы? 10 мүнөт Өрт өчүрүү кызматынын жолун тосуп коюптур. Өрт өчүрүү кызматы убагында келсе, өрт тез арада өчүрүлмөк экен. Ошол жерде иштеген элдин товарлары күйүп кетти. Иттен жок же ит байлаган жиптен жок болуп турат. Өрт өчүрүүчүлөр комиссия түзүп, жыйынтык чыгарышы керек. Кемероводогу өрт кырсыгынан сабак алып, соода борборлорун текшерүү зарыл. Соода борборлорунун бир тобу өрт кырсыгына даяр эместигин телеберүүлөрдөн көрсөтүп жатат", - дейт ал.