Депутат: "Түштүк цемент" заводу продукциясын экспортко арзан, ички базарга кымбат сатууда"

“Түштүк цемент" заводу, продукциясын экспортко 2 сом 80 тыйын, 3 сом, ички базарга 5 сом 8 тыйындан сатып жатат”, - деди депутат Зиядин Жамалдинов бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында.

Ал өлкөдө өндүрүлүп жаткан цемент ички базарда кымбат сатылышы акыйкатсыз болуп жатканын белгилеп, өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулушу керектигин айтты.

“Цемент ички базарда кымбат болууда. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине кайрылсак "биз карабайбыз" деп жооп жазыптыр. Бул мекеме өткөн жылы цемент заводго кайрылып, бүгүнкү күнгө чейин жооп ала элек экен. Эгерде аталган агенттик цементти өздүк баасында ала албаса, билбейм анда ким алат? Бул заводду калкалаган адам өкмөттө отурабы? Биз түшүнбөй жатабыз. Экспортко чыкканда кошумча нарк салыгы төлөнбөйт. Өткөн жылы завод 600 миң тонна цемент өндүргөн болсо, анын жарымы экспортко кетет экен. Ошондуктан Мамлекеттик салык кызматы, укук коргоо органдары комиссия түзүп текшерүү керек”, - деди Жамалдинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asylbek2802
2018-03-29 10:44:45
Бизге да экспортун баасындай кылып берсе жакшы болмок
+2
Isco23
2018-03-29 12:20:29
KG номерлерди талкулабай чечсенер ушуга окшогондорду. Анан афторитетинер которулгондо тагасвнар номерди
0
Rifle_I
2018-03-30 01:21:56
Индюктар көөп болсо , кыйкырып койсоң артыңан хулю хулю дешет го хор менен. Бул жепжутарлар да ошондой эле үн чыгаргандай. Ар нерсени бир сүйлөшөт.
2 сүйлөп 1 иш кылганда да байып кетет элек. Кытайга карыз болбой.
Айта берген менен оңолбойт. Кыргызстандан чыгып кетиш керекпи же баш оорутпай балдарыбыз төлөйт дейбизби ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан