Таласта 6-апрелде митинг өтөт. Бул тууралуу 29-мартта SUPER.KG порталына жарандык активист Айбек Мырза билдирди.
"Анда 2010-жылы 6-апрель күнү Таласта башталган митинг максатына жеткени же жетпегендиги тууралуу талкууланат. Ошондой эле коррупция, сот системи, саясий куугунтук, сөз эркиндиги боюнча сөз болот. Мындан тышкары Апрель окуясында каза болгондорду эскеребиз", - деди Айбек Мырза.