Бүгүн, 29-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Акылбек Жамангулов "Кумтөргө" коюлган 160 миллион доллар доодон өкмөт кайра баш тартып жатканын айтты. Ал өкмөттүн бул кадамына нааразычылыгын билдирип, себептерин түшүндүрүп берүүсүн сурап жатат.
"Өлкөдөгү эң ири "Кумтөр" компаниясынын тегерегинде маселе көп. "Кумтөрдү" баарыбыз билебиз, өлкөгө кандай зыян алып келип жатканын. Өкмөт экология боюнча "Кумтөрдү сотко бергенде биз сүйүндүк эле. 160 миллион доллар мамлекетке келтирилген чыгымдарды төлөтүү боюнча райондук соттон өкмөт уткан болчу. Бир жылдан бери бул шаардык сотко кирип каралмак. Бирок, тилекке каршы, кечээки күндөн тартып өкмөт "Кумтөргө" койгон доодон баш тартып жатат деген маселе чыкты. Мен өкмөттөн сурайт элем. Канчалаган өкмөт башчылар иштеп кетти. Бул маселени ушул чекке жеткенде кайра артка тартканы кандай? Элдин баары карап турат. Ысык-Көл облусунда эл менен жолуккан бир нече маселе ушуга байланыштуу болуп жатат. Эмне үчүн өкмөт "Кумтөргө" коюлган доодон баш тартып жатат, ушул боюнча мага маалымат берсеңиздер", - деп Жамангулов өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылды.