Акыйкатчы: "Мектеп-интернатындагы балдардын 5 пайызы гана томолой жетим болсо, калганынын ата-энелери бар"

Бүгүнкү күндө 11 миң 400дөй бала мектеп-интернатында тарбияланып жатат. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаевдин бүгүн, 29-мартта ата-энесинин кароосу жок калган балдардын жана мыйзамды сактабаган балдардын укуктарынын сакталышына арналган докладында айтылды. Анын билдиришинче, алардын ичинен 5 пайызы гана томолой жетим болсо, калган балдардын ата-энелери бар. Ошол эле учурда көпчүлүгү мигранттардын балдары экенин кошумчалады.

"Миграциялык агымдын күчөгөнүнөн улам балдарын мектеп интернаттарына таштап койгондор көп болуп жатат. Баланы мектеп-интернаттарына айла кеткен учурда гана берүү керек. Ошондой болгон күндө да бала 6 айга гана калтырылат. 6 айдан кийин баланы чыгарып кетиши шарт. Тилекке каршы, бизде мындай болбой жатат. Ал жерде шарттар оор. Бала кордук көрөт, ур-токмокко кабылып, ысык-суукта калышы мүмкүн", - деди Оторбаев.

Ошондой эле акыйкатчы мыйзамды бузган балдардын укуктарын сактоо маселесине токтолду. Анын айтымында, бала кокустуктан мыйзамга каршы иш жасаса, аны жазалоонун ордуна тарбияга чакырган аракеттерди көрүү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан