Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагында суу ташкындоо коркунучунан улам өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-март күнү Кара-Үңкүр дарыясы кирип, суу нугунан ашып кеткен.
"Учурда аталган аймактагы Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында “Алтын-Була” пахта тазалоочу заводунун аймагын жана 100гө жакын турак жайларды суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Министрликтин адистери техникалар менен жана жергиликтүү 30 тургун дарыянын жээгин бекемдеп жатышат. №41-буйруктун негизинде аймакка өзгөчө кырдаал киргизилди", - дейт басма сөз кызматы.
Айта кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 27-марттан 30-мартка чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталарын билдирген. "27-28-мартка болжолдонгон нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн. Арыктарды тазалоонуу сунуштайбыз", - деп кошумчалаган ӨКМ.