Бүгүн, 29-мартта Фергана шаарында Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын чектешкен облус жетекчилеринин кеңеши өтүп жатат. Ага эки мамлекеттин премьер-министрлери, облус жетекчилери жана аймактык органдардын жетекчилери катышып жатканын өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
Анда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкууланууда.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин 2017-жылдын 5-7-сентябрында Бишкек шаарына келген сапарында өкмөттөр ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум кабыл алынган. Анда чектеш облустардын жана райондордун жетекчилеринин кеңешин түзүү каралган.
Кыргыз мамлекетинин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары менен Өзбекстандын Фергана, Анжиян жана Наманган облустары чектеш жайгашкан.