Былтыр Кыргыздар 1394 чет өлкөлүк келиндүү болсо, 1141 кыз башка өлкөгө турмушка чыгышкан

Былтыркы жылы 1394 кыргыз жигиттери чет элдик кыздарга баш кошкон болсо, 1141 Кыргыз кыз башка өлкөнүн жарандарына турмушка чыгышкан. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы Мелис Эржигитов SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз кыз-жигиттери 54 мамлекеттин жарандары менен никеге турушкан.

"Учурда жаштардын чет жактан билим алып, ошол жакта иштеши менен ал жактын жарандарына баш кошуусу көп. Көпчүлүк Кыргыз жигиттеринин жубайлары менен мекенинен никеге туруп, той өткөрүп кайра чет жакка кетүүсү көп катталып жатат. Чет элдик кыз-келиндерди тандагандардын арасында коңшу мамлекеттердин эле эмес, Европа өлкөлөрүнүн кыздарына да үйлөнгөндөр көп", - деп билдирет Эржигитов.

Ал эми башка өлкөдө никеге турган жарандар тууралуу так маалыматтар жок. Кыргыз жигиттеринин чет элдик жарандарга баш кошкондорунун жаш курагы 25-30 жашты түзөт. Бирок алардын ичинен канчасы ажырашуу арызын жазганы боюнча маалымат жок деп кошумчалайт басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
aszyma
2018-03-29 13:55:46
Бири биринен калышпаптырда
+7
Aitun
2018-03-29 14:01:45
Кудайга шугур жигитерден калат экенбиз. Кыздар кыздар дейсинер жигитер жигитер....
+4
Azat.97
2018-03-29 14:07:26
Aitun,Бизге атаандашып не кыласынар?Биз чет жактан уйлонсок да балдарыбыз кыргыз болот эн негизгиси мусулман болуп торолот.Силер кытайларга тийсенер балдарынар 100% мусулман болбойт тууганым ойлонолу.
+12
aIways-here
2018-03-29 14:30:05
Azat.97, Эгер каапырга тийсе да, бирок балдары кийин Ислам динин кабыл алса мусулман эле болот
-4
Ernisbii
2018-03-29 15:12:36
aIways-here,ушуну ойлоп таптыңбы балаң эмес өзүң капыр болуп кетишиң мүмкүн
+4
aIways-here
2018-03-29 15:19:18
Ernisbii, Адам мусулман каапыр болуп төрөлбөйт алгач, күнөөсү жок таптаза наристе болуп төрөлөт. Кийин чөйрөгө карап кайсыл динди тандаса ошого кирип кетет. Эгер апасы Ислам динин үйрөтүп тарбияласа, баласын мусулман кылып кабыл алдырып алса болот.
+1
Mamiev
2018-03-29 16:24:00
Azat.97,Мен ойлойм эркектер уйлонуп никеге туруп саны боюнча так маалымат берет.А аялдар никеге турбайт кобунча.Копчулугу турк кытайга тийгендер
+1
i1urp
2018-03-29 18:56:21
Azat.97,
Мусулман сусулман дебей кыргыз деген созду кобуроок колдонолучу. Бир деме болсо эле динди аралаштырбай. Динчил болбой.
-2
Kanzada97
2018-03-29 20:32:23
Azat.97,Силер чет жактан алсанар, Бизди ким алат анда ! Же экинчи аял (токол) болуп тийелиби.
+4
Aidar.001
2018-03-29 14:02:40
Кытайга тийип алганынды айтам дегенди кошкондо ошончо бекен?
+3
Aidani
2018-03-29 14:13:18
Жигиттер жаныласынар башка улутка уйлонсок балдарыбыз кыргыз болот деп, таза кандуу кыргыз торолбойт митис торолот
+2
Jazdyn_tany
2018-03-29 14:18:31
Чет өлкөлүк дегенде эле улуту башка болбойт. Россиянын же Казакстандын жарандыгын алган кыргыздар деле болушу мүмкүн...
0
manaas
2018-03-29 14:23:54
Булардын катарында менда бар, менин аялым тажичка.
+3
ALMAAAN
2018-03-29 14:35:27
Буйруса Кыргыз эле алам)
+4
karakozum
2018-03-29 14:53:06
Кыргыздын жакшынакай, акылдуу, сулуу кыздары турса чет олколук аласынар, анан башка улутка тийген кыздарга асыласынар, намысы жок эркектер. Уялгыла, Кыргызстанда чет олколукторго уйлонгон эркектер коп экен го. Намыс деген болуш керек да.
0
karakozum
2018-03-29 14:57:59
эркектерге боло берет, кыздарга болбойт деген принцибиңерди токтотуп, ошол чет олколукторду алган эркектерге асылгыла, кыздарга асылбай.
0
karakozum
2018-03-29 15:01:08
башка олкодон мисалы туркиядан кыргыз кыз турк бала менен жургонун корсо, ал кызды сабашып укмуш намыстуу болуп кетесинер, ошончолук патриот болгунар келсе, чет олколук аялдарды алган эркектерди сабагыла, намысты бек тутуп, патриот экенинер чын болсо.
+4
Atas
2018-03-29 15:58:40
Кыргыз кыздан отору жок 100%
+2
ludimira
2018-03-29 16:44:33
Чет олколукторго жигиттерибиз уйлонсо,биз кимге тиебиз?
И так саны аз эркектердин...кара далы бололубу
..же токолбу.
Эн жакшы вариант мусулман турк,тажик,кытайлар калат не кылалы
+1
dobrajelatel
2018-03-30 03:04:10
Чет элдик кыздарга уйлонгон жигиттерди колдойм. Мага десе цыгандан алсын, ал кыргыздын санын кобойтот. Кыргызды жарык дуйного алып келет. А кытайга кеткен кыздар кытай тороп ошол жакта калып кетип жатпайбы. Кыргыздар чет элден кыз алган, бирок берген эмес!
-1
Ayka1994
2018-03-30 14:50:50
мунун копчулугу Россия жарандыгын алган эле кыргыздар болуш керек ошолоруна чейин иликтеп беренер так туура болмок
0
nazgul20
2018-03-30 16:47:02
Кыргыздын чет элге уйлонгонун колдогонубуз менен, алар кыргызмын деп балдарын жетелеп Кыргызстанга келгени жок же ото аз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан