"Playboy" журналы Facebook социалдык тармагындагы баракчасын өчүрдү

"Playboy" журналы Facebook социалдык тармагындагы баракчасын өчүрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 18 жаштан өткөн эркектер үчүн арналган "Playboy" журналын башкарган "Playboy Enterprises" медиахолдинги "#DeleteFacebook" акциясын колдоп, Фейсбуктагы баракчасын өчүрүп жаткандыгын жарыялаган.

"Фейсбук өзүнүн колдонуучуларынын маалымат коопсуздугун сактабагандыктан жана акыркы окуяларга байланыштуу биз социалдык тармактагы баракчабызды өчүрүп, ал жактагы ишмердүүлүгүбүздү токтотобуз", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Фейсбук менен мындан ары колдонбой тургандыгын "Tesla жана SpaceX" компаниясы билдирген.

Айта кетсек, Фейсбуктун 50 миллиондон ашык колдонуучусу тууралуу маалымат алардын уруксаты жок алып анализденген. Анализдин жыйынтыгы алардын каалоосуна жана тандоосуна таасир этүүчү программаны иштеп чыгууда колдонулганы белгилүү болгон.

Бул окуяга социалдык тармактын негиздөөчүсү Марк Цукерберг компания мындан ары коопсуздук маселесине жакшы көңүл бурарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
altyn7776
2018-03-29 14:23:50
Эмне кылайлы эми чыгып кетсе...плейбой менен чатагыбыз барбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан