Дастан Бекешев: "Эл депутатты "KG" номеринен эмес, кылган ишинен таанышы керек"

Эл депутатты "KG" номеринен эмес, кылган ишинен таанышы керек. Мындай пикирин SUPER.KG порталына депутат Дастан Бекешев билдирди.

Депутаттын пикиринде бул эскирген көрүнүш, мындай нерсени архаизм деп атоого болот.

"Мен "KG" номерин жоюуда өзүм демилгечи болгом, ошол эле пикиримди карманам. Бизге анын эч кандай пайдасы жок, эл депутаттарды "KG" номеринен эмес, кылган иши менен тааныйт да. Жеке өзүмдө жолугушууларда, көчөдө номерге байланышкан көйгөйлөр болгон эмес. Бул номердин пайдасынан зыяны көп деп айтууга болот. Бизде ансыз деле мекемелерге таандык номерлер көп, ошолорду да жоюш керек. "KG" номерин тагып алсаң жол көзөмөлдөгөн кызматкерлер да коркуп тоспой коюшу мүмкүн. Ошондуктан бул номердин кереги жок, терс жагдайларды жаратат", - деди Бекешев.

Айта кетсек, бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов өкмөткө кайрылып, "KG" номерин депутаттарга кайра бербесеңер, эл тааныбай же болбосо көчөдөн ар кандай тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн экендигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ekaterinburg
2018-03-29 12:57:22
Ак созду ак соз деш керек...Ак соз!
+9
Real_mir
2018-03-29 13:00:40
KG номерсиз мас абалында же жол эрежесин бусса кутулуу да оной болот катардагы жаран деп кутулуп кетет
+4
baisogur
2018-03-29 13:02:07
Кж номериң болбосо жер өрттө болуптурда
+5
Azatbek83
2018-03-29 13:17:45
Эл сүйлөсө да сен сүйлөбөчү! Кыйратып бир иш кылбагансың!
+2
kirgiz.....
2018-03-29 13:20:06
Эл депутаты эл катары эле болгону жакшы. Озгочо номерлердин чынында пайдасынан зыяны коп.
+5
Ask094
2018-03-29 13:46:38
Суйлогондон башка не келмек колунардан планыбыз бар план туздук эле дейсинер жок дегенде бир процентин аткарбайсынар
+3
Mirlan27011987
2018-03-29 13:58:25
Кооз суйлошот колдорунан эч нерсе келбейт.
+2
vavilon.
2018-03-29 14:08:27
Туура айтат
0
altyn7776
2018-03-29 14:27:17
бу Икрамов деген криминал да... Фамилиясын озгортуп алып, кыйын болуп талтандап журот. Буга чейин кандай кызматтарда иштеди? криминалдын баары ЖК да десе ишенишпейт кээ бир чыткурсактар
+1
Rifle_I
2018-03-30 01:05:42
Сөздөн башка колуңардан ..... иши да келбейт окшойт чынында. Бардыгыңарды ..... тапшырып салыш керек.
Колуман келгенде башыңарга чаап, иштей албаганыңы айдап, ордуңарга акыл эси ордунда ,иштейм дегендерди отургузуп коет элем.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан