АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Твиттер социалдык тармагындагы баракчасына Америка менен Мексиканын ортосуна курулуп жаткан чек ара тосмосунун сүрөттөрүн жарыялады.
Чек ара тосмосун куруу Дональд Трамптын президенттик шайлоо алдында берген убадаларынын бири болгон. Ал буга чейин Мексиканы эң кооптуу мамлекет деп атап, "дүйнө жүзүндөгү эң кооптуу деп эсептелген Мексикадан келип жаткан баңгизаттардын жана мыйзамсыз миграциянын санын азайтуу үчүн эки өлкөнүн ортосуна тосмо куруш керек" деп билдирген.