Москвадагы Кыргыз диаспорасына берилген жайды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланган деп айыпталган "Кыргыз Конгресси" уюмунун жетекчиси Кубанычбек Кожоев ага тагылган күнөөлөр боюнча жооп берди.
"Москва шаардык бийлиги СССРден кийин иштетилбей калган имараттарды чет элдиктерге ижарага берип келген. Ошондо Москвадагы коомдук уюмдар биригип "Кыргызстан" деген павильонду жылына 1 рубль (1 сом 19 тыйын) төлөп ижарага алганбыз. Бизден тышкары Армения жана Беларусь эски имаратты алган. Башка өлкөлөр оңдоп-түзөө иштерине көп суммадагы каражат сарпталат экен деп баш тартып коюшкан.
Кыргыз өлкөсүнүн Экономика министрлиги менен Москвадагы "Кыргызстан" компаниясынын ортосунда ВДНХда Кыргыз улуттук павильонду куруу боюнча 5 жыл (кийин 5 жыл узартуу болгон) инвестициялык келишим түзүлгөн болчу. Анын шартына ылайык, биздин уюм 2 миллион доллар инвестиция салып, курулуш иштерин бүтүрүп, улуттук көргөзмөнү уюштуруп, Кыргыз мамлекетинин атынан бардык уюштуруу иш-чараларын өткөрүп келген. Компания 2 жарым жыл курулуш иштери менен алек болуп, көп чыгым тарткан.
2010-жылдагы окуялардан кийин министрлер алмашып турду. Темир Сариев экономика министри болуп дайындалганда, диаспоранын атын жамынып жүргөн 4-5 адамдар каралоо иштерин баштаган. Алар жалган жалаа, кара кат аркылуу Темир Сариевди павильонду тартып алууга үгүттөгөн. Ошондо Темир мырза министрликтин атынан келишимди бузуп, бизди айдап чыкканга аракет кылган. Биз каршы экенибизди билдирип "андай болсо кеткен каражаттарды төлөп бергиле, көп карыздарыбыз бар" деп соттошконбуз.
Сот "павильон мурунку калыбына келтирилип, ээсине кайтарылып берилсин" деген чечим чыгарып берген. Имараттын ээси Орусия бийлиги болгондуктан, Темир Сариевдин талабы менен павильон соттук чечимдин негизинде уратылып, Орусияга кайтарылган. Андан кийин кайрадан Экономика министрлиги өзүнө алган. Ошол чыр чыккан убакта "биз павильонду кайтарып алдык, ал жерди тендер менен башка ишкерлерге 30 миң долларга арендага беребиз, бюджетке түшүрөбүз" деп телеберүүдөн элди алдаган. Тартып алган соң министрлик бир канча жолу тендер өткөрдү, эч ким павильонду 30 миң доллар турмак, 30 тыйынга да албай койгон. Анткени ал жерге биринчи жок дегенде 2 миллион доллар инвестиция салыш керек. Павильондун иштебей калганына 3 жыл болду, бузулган боюнча турат", - дейт Кожоев.
"Темир Сариевдин жеке кызыкчылыгы болдубу же жалган жалаа жазгандардын күнөөсүбү, айтор, биз үчүн Москвада кыргыздын жалгыз үйүн курганга кеткен 2 миллион доллар каражатка эмес, 5-6 жыл кеткен убактыбызга, өмүрүбүзгө өкүнөбүз. Ал эми Москвадагы элибиз көчөдө калды, ким күнөөлүү, ким жооп бериш керек? Айлана-тегерегибиздин баарында жоопкерчиликсиздик өкүм сүрүп калды, мындай болсо Кыргыз жергебизде өнүгүү болбойт", - деген жообун айтты Кожоев.
Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG порталына "Кыргыз Биримдиги" аймактар аралык коомдук уюму, "Мекеним Ала-Тоо" аймактык коомдук уюму, Орус-Кыргыз стратегиялык жана коомдук демилгелерди колдоо борборунун жетекчилери кайрылып, Москвадагы Кыргыз диаспорасына берилген жайды жеке адам өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын айтышкан.