Канадалык өспүрүм биринчи жолу лотерея ойноп 1 миллион долларга жакын акча утуп алды

Канаданын Квебек провинциясынын 18 жаштагы Чарли Лагард аттуу жашоочусу алгачкы жолу лотерея ойноп, 800 миң доллар утуп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Лагард 14-март күнү өзүнүн туулган күнүн тосуу үчүн бир бөтөлкө шампан жана лотерея билетин сатып алган.

"Өмүрүндө биринчи жолу лотерея сатып алган өспүрүм 800 миң доллар же өмүр бою аптасына миң доллар алуу тандоосуна ээ болгон. Жаш кыз адистер менен кеңешип, өмүр бою аптасына миң доллар алып турууну тандады. Себеби ага салык салынбайт", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, Чарли Лагард апта сайын алган акчага дүйнөнү кыдырып, жогорку билим алууга жумшайм деп билдирген. "Мен фотограф болгум келет. "National Geographic" журналында иштөөнү кыялданам" деп айткан жеңүүчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ilgizk
2018-03-29 15:09:21
Айына 4 миң $
Жылына 48 миң$
Ошондо 10жылда 480 миң $
20 жылда 960 миң $ алса
Кыз утуптур өмүр боюу 1000 $ дан аптасына алып.
+3
Majit1975
2018-03-29 15:44:45
Сразу эле баарын алып алыш керек эртең ким бар ким жок банк банкрот болуп калышы мүмкүн
-2
Shanson
2018-03-29 16:42:39
Majit1975, Канадада 30% салык болушу керек. Ошондо 800000 - 30% = 560000 алып калат )
эгер ал акчаны алып иштете алам десе азыр алса болот
же иштетпей ле өмүр бою кем-карчысыз жашайм десе анда өз эрки.
мен сразу эле алмакмын :)
иштеткенге идея толтура
0
Majit1975
2018-03-29 19:03:59
Shanson,ошода алып айландырыш керек
0
stepboy
2018-03-30 07:48:12
Олтуруп коюшсале
0
Zaina
2018-03-31 11:09:44
stepboy, канадада бул акча жумасына табылчу зарплата, мындай акча учун адам олтурууго барышпайт, Канада бул Кыргызстан эмес, 200 сом учун олтуруп кеткидей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан