Таиландда башы жок калган короз бир жумадан бери жашап келет. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, башы жок калган короз Арун Тонг аттуу ветеринар кам көрүүдө. Анын айтымында, корозго тамак жана антибиотиктер моюну аркылуу берилип жатат.
"Бул корозго өмүр бою камкордук керек. Ал аябай күчтүү, ошон үчүн жашап жатат", - деп билдирген Тонг.
Короз кандай себептерден улам башынан айрылгандыгы тууралуу маалымат жок. Бирок жергиликтүү жашоочулардын айтымында, ага жолбун иттер кол салган.
Ветеринардык клиникада корозго кам көргүсү келген адамдар табылып, аны алып кетет деп ишенишүүдө.