Кыргыз мамлекетинин Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Корея маданиятынын элчилеринин достук ассоциациясынын, "NDNnews" жана "SeoulCity Magazine" басылмаларынын атынан сыйланды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сыйлоо аземи 27-мартта Корея Республикасынын парламентинде орун алды. Кылычбек Султан элчи кызматына киришкен күндөн тарта Кыргыз Республикасы менен Түштүк Кореянын ортосунда жылуу мамилелерди өнүктүрүүдө салым кошкону үчүн Корея маданиятынын элчилеринин достук ассоциациясынын атынан сыйлык тапшырылды.
Мындан тышкары, аталган ассоциация "NDNnews" жана "SeoulCity Magazine" басылмалары менен биргеликте уюштурган иш-чараларга элчи Кылычбек Султандын катышканын жогору баалады.
Ошондой эле сыйлыктар Украинанын, Египеттин жана Бразилиянын элчилерине тапшырылды.