Мамкаттоо кызматы чиновниктер менен депутаттар унааларында кандай номер колдонорун билдирди

Өкмөт мүчөлөрү да, депутаттар да унааларында бирдей эле кызматтык номер колдонот. Бул тууралуу 29-мартта SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мурда "KG" номерлери бар болчу, кийин өзгөртүүлөр киргизилип, ал номерлер жок кылынган. Бир гана президентке таандык 01 KG номери калтырылган. Учурда өкмөт мүчөлөрү да, депутаттар да бирдей эле кызматтык номер менен жүрүшөт. Жарандар колдонгон номерден кызматтык номерлердин айырмасы тамгасында гана бар. Өкмөт мүчөлөрү жана депутаттар колдонгон номерде 2 гана тамга жазылса, жалпы жарандар колдонгон номерлерде 3 тамга жазылган", - дешти мекемеден.

Айта кетсек, 29-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов өкмөткө кайрылып, сапарга чыкканда көчөдөн кыйынчылыктар жаралбашы үчүн депутаттардын унааларында кызматтык номер болушу керектигин же болбосо өкмөт мүчөлөрү да жөнөкөй номер менен жүрүшсүн деген пикирин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kg-samsung
2018-03-29 17:57:29
Ошол эки тамгада kg деген жазу болобу эмнени жашырып атасынар
+4
Karban86
2018-03-30 07:43:23
Kg-samsung,кызматтык номер AB болсо
Жарандык номерде ABS деген болот
KG ар бир номерде бар
0
s.k.bakyt
2018-03-29 20:54:34
Кыйратышыптыр KG номери менен жүрүп не кылышты. Ошол номерлер менен көөп кетишкен, аялы, баласы кошо айдап, жолдо каалагандай жүрүп калышкан үчүн алынган. Эл менен эл болгула. Силерди эл шайлады беле, же пара берип депутат болдуңар беле? Айлыгыңарды 15 миң сом кылып баардык жеңилдиктерди алып койсо көрөм депутат болооруңарды. Иш менен элге көрүнгүлө, номер менен эмес.
+5
Asat17
2018-03-29 22:14:47
Бирдей номер болуш керек
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан