Каныбек Иманалиев: "Мектептерде кылмышкерлердин сүрөтүн илгенди токтотуш керек"

Мектептерде кылмышкерлердин сүрөтүн илгенди токтотуш керек. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта "Мектептердин авариялык абалы" деген иш-чаранын отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев айтты.

Анын айтуусуна караганда, мектептеги класстардын ичи өтүлгөн сабактарга жараша жасалгаланышы керек.

"Мектептерде аймактык жердештик деген нерселерди токтотуу керек. Анткени мектептерде кылмышкерлердин сүрөттөрү илинип турат. Бул окуучулардын калыптануусуна терс таасирин тийгизет. Алардын ордуна мамлекет үчүн эмгеги сиңген Иса Ахунбаев, Саякбай Каралаев, Тоголок Молдо сыяктуу инсандардын сүрөттөрүн илиш керек. Айрым мектептерде депутаттардын сүрөттөрү илинүү экен, биз депутаттар мектептерде илинип турууга татый элекпиз", - дейт Иманалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mirlan27011987
2018-03-29 19:20:58
Керек, керек, керек дегенден башка иш кылбайт.
+2
Altyn10076
2018-03-29 23:05:53
Жакшы айтыптыр татый элексиңер.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан