ЭЛДИК КАБАР: "Бишкек-Ош жолунда 2 фурага эшек жүктөп бара жатышты" дейт окурман

Бишкек-Ош жолунда жүк ташыган 2 унаага эшек жүктөп бара жатышты. Мындай маалыматты окурман бүгүн, 29-мартта "Элдик кабар" бөлүмүнө билдирип, видео жөнөттү.

Окурмандын айтымында, жүк ташуучу унаалардын артындагы эшиктери ачык болгон. Жыгачтар менен тосулуп, астына саман салынган.

"Бишкектен түштүк тарапка жол тарткан 2 фура эшектерди жүктөп бара жатышты. Эшектин эттери тамак-аштарга пайдаланылгандыгы тууралуу айтылып келе жатат. Бизде да бул эшектерди кандай максат менен алып бара жатат деген суроо жаралды", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Эки фура эшекти кайда алып барат?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Ma9
2018-03-29 19:41:49
менда ашканада иштейм жалал абадда коркуп калдык анан бутун койду сойдуруп халодилник салдырып койду шефибиз ишеништуу болот деп куного калбайлы деп
+8
zhykyo
2018-03-29 20:04:48
Ma9,мурда эмне эшектики беле эээ
-4
aerforce
2018-03-29 20:03:18
Күндө айтсада унчукпай эле жатышат бул чоңдордун бирөөсүнүн бизнеси эгер терисин эле сатса ачыкка чыгарып көрсөтүп этин зоопаркка жиберсинда анан этин элге сатпай
+2
Zamka79
2018-03-29 20:54:20
Чондордун бизнеси
Кайран кана эшектер зоопарктан гана коробуз эми силерди
+3
Muslim_KGstana.
2018-03-29 21:09:32
ишенесинерби бир болсо бул камазды менен Гулчо-Эркештам жолунда эртен менен кордум,себеби кар жаап камаздар аябай тыгылды эле
-2
rejepova
2018-03-29 21:23:41
Жалалабадты текшергиле, Спутник шаарчасында 500 дой эшек камалып турат экен.7 каналды киргизбей койду.
+2
aza84
2018-03-29 21:33:19
Самсы манты аш ка алпарататда
+2
Freemankg
2018-03-29 21:43:39
Озбектерден жакында эле кармалышкан эшектин этин кафелерде тараткандар.
0
altyn7776
2018-03-29 22:33:27
Ош, Жалал Абад эмес, Бишкекте толтура эшектин этин тараткандар... ХХХХХХХХХХХ ыйман деген жокко эсе болуп баратат.... АШАнын заманында эшек жегенбиз деген атка конобуз урпактарга
-6
Kroxa
2018-03-29 22:53:13
Ошто.самсы арзан манты полов арзан дейсинер мына сага эшектин эти бекер берсе да жебеш керек.колдон келсе уйдон жасап жегиле нормальный эт сатып келип..
-3
bond02
2018-03-29 23:25:38
Озбекстанга болуш керек.
-3
aksy94
2018-03-30 01:00:06
Чондор олуп эле калгылачы башка бизнес жоктой эшек бизнес кылып кытайга экпорттойбуз деп чыкты элего экспортко башка нерсе табылбадыбы кыргызды бут дуйного уят кылып буттунор бул ишинердинда сурагы келет адамга арамды жегизгендерге
+2
Birimdik5555
2018-03-30 01:57:45
Кафе-ресторан,ашканаларды текшерип кайсы ашканадан чыкса ошол ашкананын атын балчайтып жазып чыгыш керек жарыя кылып. Анан ошол ашканага элдер кирбей койгондо башка ашканалардын кожоюндары коркуп этти текшерип алышат клиенттерди кетирбейин деп
-1
turaliev
2018-03-30 04:24:43
Ой беллааа жуктосо эмне экен эми.
-1
turaliev
2018-03-30 04:28:07
Кытайга сатып бизнес кала бергиле
-1
Kylychisa
2018-03-30 13:39:31
керек болсо фурада ташыйт алыс жолго. эшектин акысы жокпу экен фурада жургонго)))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан