Бүгүн Нарын-Торугарт унаа жолунун Сары-Булактан Оттукка чейинки бөлүгү убактылуу жабылат

Бүгүн Нарын-Торугарт унаа жолунун Сары-Булактан Оттукка чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын-Торугарт унаа жолунун Сары-Булактан Оттукка чейинки бөлүгүндөгү 288-289-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу жаралууда.

"Кар көчкү түшүү коркунучу жаралгандыктан бүгүн, 30-мартта унаа жолдун жогоруда аталган бөлүгү саат 13:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жабык болот. Кырсыктын алдын алуу максатында трассанын 288-289-чакырымдарында кар көчкү атайылап атып түшүрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан