Британиялык жаран көзү тирүү кезинде эле өзүнүн акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүнү чечти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Британиянын Куинсборо шаарынын 61 жаштагы жашоочусу Дэвид Хьюза айыкпас оорусуна байланыштуу көзү тирүү кезинде эле өзүнүн акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүнү чечкен.
2017-жылдын сентябрь айында дарыгерлер Дэвид Хьюзаны рак оорусуна чалдыкканын айтышкан. Бир айдан соң ал оорусу күчөп кеткенин билген. Мындан улам Дэвид өзүнүн өлүмүн күтүп отурбастан досторун, жакындарын, кесиптештерин жана коңшуларын чогултуп коштошуу кечесин өткөрүүнү чечкен.
"Бул дүйнөдөн өткөн соң чогулуп эмне кереги бар?" - деп билдирген Хьюза.
Бул кечеде 1970-1980-жылдардагы музыканын коштоосундагы бийлер, ар кандай оюн-зооктор, лотерея ойнотуларын жана андан түшкө акча рак оорусун изилдөө үчүн которуларын Дэвид Хьюза кошумчалаган.