Министрлик: "Өлкөдө аялдар арасында ичкиликке берилгендердин саны өсүүдө"

Кыргыз коомунда алкоголдук ичимдикке көз каранды болгон аялдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Республикалык наркология борборунун директорунун орун басары Татьяна Борисовага таянып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2017-жылдын ичинде республика боюнча 100 миң адамдын ичинен 1368 адам ичкиликке көз каранды болгону аныкталса, бул көрсөткүчтүн саны 2016-жылы 1697 адамды түзгөн.

"2017-жылы Бишкек шаарында ичимдикке көз каранды 3161 адам катталган, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 500 адамга аз. Бирок бул расмий каттоодон турганы, чындыгында ичкиликке көз каранды адамдардын саны көрсөтүлгөн сандан бир топ жогору болушу анык. Мурунку жылдарга салыштырмалуу ичкендердин саны азайганы менен, аялдар арасындагы ичкиликке берилгендердин саны өсүүдө. Биздин борбордун аялдар бөлүмүндө кезек күткөндөрдүн саны көп. Мындан бир топ жыл мурун мындай көрүнүш болгон эмес. Ичкилик ичкен эркектерге караганда аялдар менен иштөө бир топ оор", - деди Борисова.

Ошондой эле маалыматта дагы бир көйгөй - акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында спайс чеккен, клей жыттаган жана башка зыяндуу каражаттарды колдонгон балдардын саны өсүп жаткандыгы айтылат. "Ага карабай учурда республика боюнча балдар менен иштеген наркологиялык кызмат бир мезгилде эл аралык уюмдун колдоосу менен ачылып кийин каражаттын жоктугунан жабылып калган. Балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көйгөйдүн алдын алуу зарыл", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Han1111
2018-03-30 11:36:43
Спирттик ичимдиктергди чектоо учун закон киргизсе жакшы болмок. Эч бир жакшылык алып келбейт адамга.
+1
altyn7776
2018-03-30 18:21:06
Улуттун деградацияланышы деген ушул... Маллекеттин жузу. Партиялык башкаруунун кесепети. Жумушсуздук, идеологиянын жоктугу. 78 миллионго уй салгыла дагы эксажого.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан