Индияда аялдын өтүнөн 2350 майда таш алынды

Индиянын Мумбаи шаарында аялдын денесинен 2350 майда таш операция жолу менен алынды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, 50 жаштагы Мумбаинин тургуну денесинде таштар бар экенин 2 жыл мурда билген. Бирок дарыгерлер операция жасоону сунуштаганда баш тартып койгон. Качан гана оорусу күч алганда хирургиялык жол менен дарыланууга макул болгон. Операция 30 мүнөткө созулуп, аялдын өтүнөн 2350 таш алынган.

Кошумчалай кетсек, 1983-жылы британиялык хирургдар немис бейтаптын денесинен 3110 таш алып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira1989
2018-03-30 16:14:29
Менин да отумдо таш бар дешти...((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан