Москва шаарындагы соода жайларда кыргыз продукцияларынын бурчу уюштурулат

Бүгүн, 30-мартта Орусиянын Москва шаарында "Кыргыз товарлар күнү" деп аталган акция өтөт. Экономика министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ага 30дан ашык өндүрүшчү катышат.

Акциянын алкагында шаардагы соода жайларында Кыргыз жеринен алып барылган продукциялардын бурчу уюштурулуп, каалаган адамдар азыктардын даамын татып, сатып алууну кааласа кенен маалымат берилет.

Министр Артём Новиков ишкерлер менен болгон жолугушууда бул акция кыргыз продукцияларын чет өлкөгө таанытуу боюнча маанилүү иш-чаралардын бири экенин айткан.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын декабрында Бишкекте Кыргыз мамлекети менен Орусиянын аймактар аралык жыйыны өтүп, анын жүрүшүндө министрлик менен Орусияда белгилүү соода түйүнүнүн ортосунда меморандумга кол коюлган. Ага ылайык соода түйүн Кыргыз жеринен чыккан продукцияларын өз дүкөндөрүнө жайгаштырмакчы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан