Египеттеги президенттик шайлоодо учурдагы өлкө башчы 92 пайыз менен алдыда баратат

Египетте өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча учурдагы президент Абдул Фаттах ас-Cиси 92 пайыз менен алдыда бара жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, Египетте президенттик шайлоо 26-28-март күндөрү өткөн. Ал эми шайлоонун расмий жыйынтыгы 2-апрелде жарыяланат. Өкмөттү сындаган күчтөр шайлоо алдында президентке атаандаш болчулар камалып, жарыш атаандаштык жок өткөнүн билдирген.

Мурда Египеттин армиясында кол башчылык кылган Абдул Фаттах ас-Cиси 2013-жылы аскердик төңкөрүштөн кийин бийликке келген. Анын колдоочулары ас-Cиси өлкөдө туруктуулукту орнотуп, мамлекеттүүлүктү сактап калды дешсе, каршылаштары ал бийликке келген күндөн тартып, сөз эркиндигине, бийлик оппоненттерине карата басым күчөгөнүн айтып келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан