Кытайдын Цзянси провинциясынын Гао Ипин аттуу жашоочусу үч кабаттуу жеке үйүн 6 метрге жылдырды. Бул тууралуу кытай басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, үйдүн ээси мындай кадамга үйүн атайын кыйратуудан сактап калуу максатында барган.
"2014-жылы Гао Ипин 3 кабаттуу үйүн куруу үчүн 158 миң доллар жумшаган. Ал эми курулушу бүткөн үйүнө жаңыдан кирген учурда, үйүнүн жанына шоссе курула турганы жөнүндө уккан. Жаңы салынган үйүн бузгусу келбеген жашоочу, аны башка жерге жылдырууну чечкен. Бийлик Гао Ипин кетирген чыгашаны жабуу максатында 122 миң 500 доллар төлөп берген. Жыйынтыгында, ал жумушчулардын жардамы менен 6 жуманын ичинде имаратты 6 метр аралыкка жылдырган. Үйдү жылдыруу иштерине 52 миң доллар короткон", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, Гао Ипиндин жасаган жумушун кайталоо үчүн анын кошунасы үйүн 100 метр аралыкка жылдыруу аракетин көрүп жаткандыгы белгилүү болгон.