Эми WhatsApp аркылуу эки колдонуучунун бири-бири менен сүйлөшкөн же сүйлөшпөгөндүгүн билип алууга болот

WhatsApp тиркемесинен жаңылык. Мындан ары аталган тиркеменин колдонуучулары өзүнө керектүү адамдардын акыркы аракеттери менен кабардар боло алат.

Тактап айтканда, бул үчүн алгач App Store дүкөнүнөн Chatwatch деген тиркемени көчүрүп алуу керек. Андан соң колдонуучу акыркы жолу качан онлайн режимде болгондугун көрсөтүүчү функцияны өчүрүп койгонуна карабай, бул тууралуу кабардар боло аласыз. Ал гана эмес, анын качан уктоо үчүн жатканын жана ойгонгонун билүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле эки колдонуучуну тандап, бир жума ичинде алардын бири-бири менен сүйлөшкөнүн же сүйлөшпөгөнүн да аныктоого болот. Бирок мындай мүмкүнчүлүк Android системинин колдонуучулары үчүн жеткиликтүү эмес.

Белгилей кетсек, тиркемени көчүрүү акылуу. Ал үчүн 1,99 доллар керектелет. Тиркемени көчүрүүдөн түшкөн каражат АКШнын президенти Дональд Трампка каршы түзүлгөн көз карандысыз уюмду каржылоого жумшала турганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
kechirmeni
2018-03-30 10:36:04
андроид учун барбы
-3
Isco22
2018-03-30 15:11:49
kechirmeni,жок экен. Чыгалек экен. Чыкса деле 1.99$ экен
0
Dembele84
2018-03-30 10:47:39
Эми барып барып сени туну куну эмне жумуш кылганыны видео аркылуу коро турган болуп калса керек
+6
Rifle_I
2018-03-30 10:49:56
Бул функцияны 1 жылдан бери колдоном. Андроидке whatsapp plus коюп алып, настройкадан "логи" аясаңар баарын көрсөтүп берет. Ким канчада кирип чыкты, качан сүрөт алмаштырды, качан статус алмаштырды.
Ошол функцияны мүмкүн модифицировать этип, жеңилдетилген интерфейс менен чыгарган окшойт.
-3
Rifle_I
2018-03-30 10:50:29
Аясаңар деп жазылып кетиптир. *ачсаңар деп жазгам.
0
Ernic
2018-03-30 11:21:03
Хакердик программа экен кереги жок! Акчасы бары колдонуп акчасы жогу колдоно албай калат! Бул программанын айынан далай уруштар болот окшойт озгочо кыз-жигиттер арасында.
+10
Beks.Kasymov
2018-03-30 12:26:59
айфонунар жокпу жон жаткыла
+6
abon
2018-03-30 13:50:52
эээ эмне кереги бар бирооонун перепискасын любопытная варвара болуп окуп. коп чыр чатак жана конфликт тушунуксузду келтирип чыгарышы мумкун бул тиркеме.
+7
Pelargos
2018-03-30 15:38:44
abon, бироолордун жазышкандарын окуй албайсыз. Болгону кайсы убакытта жазышканын гана билууго болот
+1
Totyua.71.
2018-03-30 14:40:59
Акча алат да, ошондойбу?
0
aksy94
2018-03-30 16:36:45
Биздин айфондорго болбойткен бул только Америкадагы айфон колдонгондорго экен
0
Djal1987
2018-03-31 03:20:19
aksy94,слава богу
0
MOSKVICH
2018-03-30 19:50:37
Катын, алдын ала айтайын алар жон гана клашшташ кыздар болчу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан