Чүй облусунда оор кылмыштын бети ачылганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 8-ноябрь күнү Ысык-Ата районундагы Чапай айылында азиат улутундагы адамдын бычак сайылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси табылган. Иликтөө иштеринен кийин өлтүрүлгөн адам буга чейин 12 жолу баңгизат жана уурдоо фактылары боюнча соттолгон, 1956-жылы туулган Токмок шаарынын тургуну экени аныкталды. Чүй райондук ИИБи тарабынан Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү деп маркумдун бала кезинен берки досу кармалды. Учурда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, тергөө иштери уланууда.