АКШда "Starbucks" кофеси зыяндуу суусундук катары сатыла баштайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, АКШнын Калифорния штатында сот "Starbucks" жана башка кофе чыгаруучу компаниялар өндүргөн товарына онкологиялык ооруларды пайда кылуучу зыяндуу заттар бар деген белги коюу керек экендиги тууралуу чечим чыгарган.
Белгилүү болгондой, соттук териштирүүлөр жарандык активисттердин тамак-аштарда зыяндуу заттар камтылган деген эскертмелер жок экендиги жана ошол зыяндуу заттардын тизмесин бекитүү тууралуу көтөрүп чыккан маселеси себеп болгон.
Зыяндуу заттардын курамына акриламид дагы кирген. Аталган зат кофе дандарын кууруганда пайда болот. Кофе чыгаруучулар сотко белгилүү өлчөмдөгү кофе адамдын организмине эч кандай зыян алып келбестигин айтып, акриламид затын тизмеден чыгарууну сунуштаган.
Бирок ишти карап жаткан соттун айтымында, кофе өндүрүүчүлөр көп убакыт бою ченемдүү өлчөмдөгү акриламид адамдын ден соолугуна эч кандай зыян тийгизбестигин тастыктай алышкан эмес.
Акриломид - химиялык кошулма. Ал кофе, шоколад, фри картошкасы, чипсыны өндүрүүдө табигый жол менен пайда болуучу зат. Аталган зат адамдын нерв системин, боорун жана бөйрөктөрүн жабыркатат.