КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат программасынын мурдагы алып баруучусу, диктор Чынар Капарова аталган телекомпаниянын жетекчиси Илим Карыпбековду соттон утуп алды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан SUPER.KG порталына кабарлашты.
Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2018-жылдын 26-мартындагы токтому менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2017-жылдын 6-февралындагы чечими жана Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 19-декабрындагы аныктамасы күчүндө калтырылган. Ошондой эле Капарованын кайра ээлеген кызматына орноштуруу жөнүндөгү доо арызы канааттандырылган.
"Чечим боюнча Чынар Капарова мурда ээлеген "Ала-Too" маалымат программасынын студиясынын баяндамачысы кызматына кайра коюлат. Ошондой эле КТРК тарабынан Капарованын пайдасына жалпысынан 60 миң 59 сом өндүрүлгөн. Анын ичинде аргасыз ишке чыкпаган учурдагы орточо эмгек акысы - 55 миң 59 сом, моралдык зыяндын компенсациясы - 5000 сом. Калган доо талаптар канааттандыруусуз калтырылды", - дейт басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, Чынар Капарова 2016-жылы КТРКнын директору Илим Карыпбеков аны "Эфирден Сүйүнбай Эралиевди "Эл баатыры" деп туура эмес атагандыгы үчүн" деген кине менен кызматынан алгандыгын айтып чыккан жана муну акыйкатсыз чечим катары кабыл алгандыгын билдирип, Карыпбековду сотко берүүнү чечкен.