Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын 30-марттагы жыйынында 2015-2017-жылдары бюджеттен каржыланган капиталдык курулуштар маселеси талкууланып жатат.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Махабат Мавлянова абалы жараксыз деп табылган мектептер кантип калыбына келтирилип жатканына кызыкты. Ал каржы министри Адылбек Касымалиевге кайрылып: "Атайын комиссия карап чыгып өлкө боюнча 193 мектепти жараксыз абалда деп тапкан. Бирок 2017-жылы анын 24ү гана оңдоодон өтүптүр. Калганында жылыш жок. Эмне үчүн бүтпөй калган?" - деп суроо салды Мавлянова.
Министр Касымалиев 193 мектептин 108и кайра курууга, калганы оңдоого муктаж болгонун, бирок каражат тартыштыгынан улам 24ү гана оңдоодон өткөнүн моюнга алды. Анын маалыматына ылайык, былтыр 8 миллиард 640 миллион сомго курулуш иштери аткарылган. Бирок өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган объектилерди калыбына келтирүүгө өзгөчө басым жасалганын айтты чиновник.