Нарындагы катуу шамал облуска 600 миң сомго жакын материалдык чыгым келтирди

Нарында 27-март күнү болгон катуу шамал облуска 600 миң сомго жакын материалдык чыгым келтирди. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта ӨКМнын Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Токтобек Шоңкоев билдирди.

Анын айтымында, катуу шамалдан адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес, бирок 1 жылкыны үйдүн чатыры басып калган.

"Шамалдын кесепетинен айылдарда бир нече курулуштардын чатырлары сынып, зыянга учураган. 6 социалдык объектке зыян келтирилип, 511 метр квадратты ээлеген 319 даана шифери сынган. Жалпысынан 18 жеке турак жайдын шифери жана 5 социалдык объектинин чатыры талкаланган. Облус боюнча жалпы материалдык чыгымдын өлчөмү 541 миң 200 сомду түздү", - дейт жетекчи.

Айта кетсек, буга чейин Нарын районунда 27-март күнү болгон катуу шамал Учкун, Достук жана Куланак айылдарындагы турак үйлөрдүн жана мектептин чатырын учуруп кеткенин ӨКМ кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан