Бишкек шаарында 2-3 кабаттуу жер төлө салынат

Бишкек шаарында 2-3 кабаттуу жер төлө курулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын деталдуу планы боюнча башкы архитектор Жанузак Күлбатыров билдирди.

Анын айтымында, 2-3 кабаттуу жер төлөлөр унаа токтотуучу жайлардын тартыштыгын жок кылат.

"Бизде унаа токтотуучу жайлардын, гараждардын жана сейил бактардын тартыштыгы чоң маселе. Бишкектин деталдуу планында 2-3 кабаттуу жер төлө куруу каралган. Кыргыз жеринде 10 метрге чейин жерди казуу эч кандай коркунуч жаратпайт, жер алдынан суу чыкпайт. Андан сырткары ар түрдүү эс алуучу жайлардын үстүңкү кабаттарына бак отургузуу пландалууда. Бул качан ишке ашат деген суроо инвесторлордон көз каранды", - дейт Күлбатыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан