Алайкууда жааган калың карды тазалоо иштери жүрүүдө

Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө 28-марттан бери кар жаап, кардын калыңдыгы алыскы Көк-Арт айылында 40 сантиметрге жеткен. Андан улам жарык өчүп, район борборуна кете турган жолдор кардан тазаланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

"Алайкуу, Кызыл-Жар, Кара-Кулжа аймактарында жааган кардын калыңдыгы 5 сантиметрге жеткен. Ал эми Көк-Арт аймагындагы кар 40 сантиметрден ашкан. Андан улам айрым аймактарында жарык өчкөн. Учурда Ош облустук электр станцияларынын адистери үзүлгөн электр зымдарын тартуунун үстүндө иштеп жатышат. Кардан улам кең көчөлөр жабылган эмес. Бирок бир айыл менен экинчи айылдын ортосундагы ички чарбалык жолдор жабылышы мүмкүн. Андай учурда жергиликтүү бийлик чара көрүшү керек", - дейт басма сөз кызматы.

Айта кетсек, буга чейин Замирбек Аккозуев аттуу окурман 28-марттан бери жарыксыз калышканын SUPER.KG'ге айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан