Руслан Казакбаев: "Курулушу бүтпөй жаткан социалдык объектилердин саны жылдан жылга өсүүдө"

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаев фракциянын 30-марттагы жыйынында курулушу бүтпөй жаткан социалдык объектилердин саны жыл сайын өсүп жатканын айтып, өкмөттүн бул багыттагы ишин сынга алды.

Анын белгилешинче, курулушу бүтпөй жаткан объектилердин саны көп болуп жатканына карабай өкмөт жыл сайын жаңы имараттарды курууга аракет көрүп келет.

Андан сырткары, Казакбаев сметасы жок объектилердин куруу планына кирип калып жатканына токтолду.

"Курулуштардын көпчүлүгүнүн сметалык долбоору жок. Алгач сметалык долбоорун даярдап андан кийин куруш жүргүзүүгө берүү керек да. Натыйжада курулуш бүтпөгөн мектептердин саны көп болуп жатат. Өкмөт сырттан келип жаткан инвестициялык каражаттарды эффективдүү пайдалана албай жатат", - деди Казакбаев.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматына ылайык, капиталдык курулуштарга бюджеттен 2016-жылы 8 миллиард 734 миллион сом, 2017-жылы 9 миллиард 374 миллион 447,1 миң сом каралып, бөлүнгөн акча 92, 95 пайызга аткарылган. Ошондой эле 70 пайыз курулушу аяктап калган 30га чукул объекти бар экенин, ага 3 миллиард сом сарпталарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан